速報APP / 教育 / Санжыра - Кыргыз уруулары

Санжыра - Кыргыз уруулары

價格:免費

更新日期:2019-01-05

檔案大小:1.9M

目前版本:1.0

版本需求:Android 4.1 以上版本

官方網站:mailto:nookengames@gmail.com

Email:http://synak.kg/sanjyra_privacy_policy.html

Санжыра - Кыргыз уруулары(圖1)-速報App

Санжыра – уруу, уруктардын, элдин келип чыгышы, таралышы, бөлүнүшү, тарыхы жөнүндө маалымат берген оозеки чыгармачылыктын бир түрү. Кээде бул жазуу түрүндө да учурайт. Кыргыз санжырасында мифтик, уламыштык багыты күчтүү болуп, ыр формасында (мис., Балык акын айткан вариант ), кара сөз түрүндө ( Чодо, Мусакожо ) айтылган. Б.Солтоноев, Осмонаалы Сыдык уулу, Бала ырчы, Тоголок Молдо, Талип Молдо, Актан Тыныбеков санжыраларын жазып калтырышкан. Ар элдин, уруу – уруктун, ар бир адамдын, санжырасы айтылган, өзгөчө тарыхтагы белгилүү адамдарга карата ата-тек сүрүштүрүлгөн. Санжыра тарыхка жакын, бирок аны чыныгы реалдуу нерсе – тарыхый чындык деп түшүнүүгө болбойт. Анын көркөм структурасы уламыш, легенда, кошок, арман ж.б.-ды да камтыйт. Бул жанр дээрлик дүйнөнүн көпчүлүк элдеринде айтылса да, кыргыздарда өзгөчө кеңири тараган жана өркүндөгөн. Сайф-ад-Дин Аксыкентинин 16-кылымдагы “Мажму ат-таварих” деген кол жазмасында кыргыздардын Ак уулдан тартып Аналхакка чейинки 20-23 атасынын тизмеси берилген. 19-кылымда В.Радлов, Н. Аристов, Н. Городсков, Ч. Валиханов тарабынан санжыралар жазылган. 1913 – 14-жылы Осмонаалы Сыдык уулу топтогон санжыра Уфада басылып чыккан.

Санжыра - Кыргыз уруулары(圖2)-速報App

Санжыра - Кыргыз уруулары(圖3)-速報App

Санжыра - Кыргыз уруулары(圖4)-速報App

Санжыра - Кыргыз уруулары(圖5)-速報App

Санжыра - Кыргыз уруулары(圖6)-速報App